Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Кыргызстандагы көйгөй башкаруу эмес, шайлоо системасында

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 902 | 0

Кыргызстандагы көйгөй мамлекеттик башкарууда эмес, шайлоо системасында болуп жатат. Мындай пикирин президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров теледебаттын жүрүшүндө айтты. Ал азыркы жол-жобо менен бийликке байлар гана келе алат деген ойдо.

— Шайлоо системасын өзгөртүү менен бийликке эл каалаган адамдарды алып келсек, ошондо бизде күчтүү бийлик болот. Президенттик башкарууну тандай турган болсок, премьер-министрлик кызмат жоюлушу керек. Аны курмандыкка чалуу үчүн кармап отуруунун кереги жок, — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM