Биз менен байланышыңыз

Жакырчылык калып, «жакыр өлкө» синдромун жоюу аракети

Саясат | 19 Ноя 2021 | 1565 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан «жакыр өлкө» синдромунан баш тартып, болгон жеке ресурстарды пайдаланууга умтулуп жатканын жарыялады. Анын айтымында, жакын арада бюджеттин киреше бөлүгү салык жана бажыны санариптештирүү жолу аркылуу жогорулайт. Чын эле жакырчылык азайып, казынабыз толуп, жашообуз жакшырып, эрктүү өлкөгө айланып баратабызбы? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Улуттук статистика комитети өлкөдө жакырчылык 25 пайыздын тегерегинде экенин билдирсе, Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча быйыл Кыргызстанда жакырчылык 35 пайызга жетиши мүмкүн. 2020-жылы жакырчылыктын көрсөткүчү 25,3% түзсө, 2019-жылы 20% болчу. Өлкөдө 1 млн 678 миң кедей бар, алардын 73,7 пайызы айыл тургундары болуп саналат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4%га өстү. Ушул жылдын 1-октябрына карата 104 миң адам жумушсуз деп катталган. Мындай көрсөткүчтөрдүн себеби катары инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетүүсү, пандемиядан кийинки кризис айтылууда.

Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан «жакыр өлкө» синдромунан баш тартып, болгон жеке ресурстарды пайдаланууга умтулуп жатканын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда билдирди.

«Биз «жакыр өлкө» синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз». 

Бирөөнүн колун карабай, өзүбүздүн мүмкүнчүлүккө жараша жашасак деген ой-максаты жакшы экенин, бирок бүгүнкү экономикалык абалдын реалдуу көрсөткүчү тескерисинче болуп жатканын мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров белгиледи.

«Мисалы, экономикадагы 10 айдын жыйынтыгын эле карай турган болсок, биздин экспорт 27%га төмөндөдү. Ошол эле учурда импорт 40%га жогорулады. Мурда товарлардын 80%ын чет өлкөдөн алып келип жатсак, азыр 90% импорт кылып жатабыз. Албетте, мындай жагдайда Акылбек Жапаровдун айтканы популисттик билдирүү десем да болот. Себеби, реалдуу мүмкүнчүлүгүбүздү, экономикадагы реалдуу абалыбызды карап көрүшүбүз керек. Тилекке каршы, Кыргызстандын ичинде эч кандай жумуш орундары түзүлбөй, бар жумуш орундары да кыскарып жатат. Себеби, бизнеске жакшы шарттар каралбагандыктан, ошол эле учурда коркутуу, ар кандай төлөмдөргө мажбурлоо саясаты жүргүзүлүп жаткандыктан, көп ишкерлерибиз сыртка чыгып кетип жатат. Башкача айтканда, капитал сыртка чыгып кетип жатат. Анан ушул жагдайда «мындан ары биз кедей мамлекеттей болуп иштебейбиз, кедейчилик синдромунан кутулабыз» дегени популисттик билдирүү».

Эксперттер Кыргызстандын экономикалык абалын «өтө начар» деп баалап, оң көрүнүштөр жок экенин белгилеп келишет. Жакырчылыктын деңгээлин эсептөө үчүн калктын кирешелеринен түздөн-түз көз каранды болгон керектөө наркы колдонулат. 2020-жылдагы калктын адам башына эсептегендеги колдо болгон акчалай кирешеси айына 5 миң 625 сом болгон. 6,5 млн элдин 10%ы өтө жакыр болуп, бир адам айына жеке башына 1276 сом табат.

Серепчи Нурбек Муктар Акылбек Жапаровдун билдирүүсүн шайлоо алдындагы элге жагынуу үчүн жасаган популусттик кадамы катары кабыл алганын жашырган жок. Анын айтымында, акыркы бир жылда экономиканы жакшыртуу үчүн көзгө көрүнөрлүк эч нерсе кылынган жок.

«Биринчиден, Акылбек Жапаров маалыматты манипуляция кылганды жана сандар менен ойногонду жакшы билет экен. «Кумтөр», «Жаңы жер» сыяктуу беш компанияны дүкүлдөтүп иштетип, анан ИДПны адам башына 1500 доллар менен көтөрүп, анан жакырчылыктан чыгабыз деп айтып жатабы? Болбосо социалдык фондду, жергиликтүү бюджеттерди, республикалык бюджеттерди бириктирип, 300 млрд кылабыз дешпеди беле, ошол консалидацияланган бюджетти бириктирип жакырчылыктан чыгабыз деп жатабы? Кайсы мааниде айтып жатканы белгисиз. Жакырчылык синдрому Кыргызстанда чын эле бар. Өзгөчө акыркы бир жылда элдин абалы аябай оорлоп кетти. Керек болсо көмүр сатып алганга чамасы жок жарандар пайда болду. Ага кошул-ташыл кылып, аймактарда жылыткычтарды пломбалап, свет жакпагыла дегени туура эмес. Жакырчылык жөнөкөй нерсе эмес, анын аркасында көптөгөн факторлор турат. Мисалы, мамлекеттин башкаруу системасы кандай, коррупция кандай деңгээлде, салык жана башка кодекстер канчалык туура жазылган. Мындан сырткары жакырчылык көз карандысыздыкка да байланыштуу. Ал эми көз карандысыздык субьективдүү түшүнүк. Конституцияда көз карандысыз мамлекетпиз деп жазып алганыбыз менен көп жактан көз карандыбыз. Мисалы, 95% бензин менен дизел отуну үчүн Орусияга көз карандыбыз». 

Дүйнөлүк экономикада калктын жашоосу үч критерий: насыялардын пайызынын төмөндүгү, жумушсуздардын аздыгы, ички дүң өндүрүмдүн киши башына канчалык көбөйгөнү менен аныкталат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү дээрлик 271 млрд сомду түздү. Бул былтыркы жылдын алты айына караганда 1,7%га аз. ИДПнын төмөндөшү курулуш, өндүрүш тармагына байланыштуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM