Биз менен байланышыңыз

Президент карыларды эл аралык күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 342 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда кылымдардан бери кыргыз эли карыяларын кастарлап-барктап, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин белгилеп, аларга ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалаган.

«Карысы бардын ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сындуу ташка тамга баскандай макал-лакаптар бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой, улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орноп, так аткарылып келатканы буга далил. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү — калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат» , — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле президент мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM