Биз менен байланышыңыз

2019-жылы пенсионерлердин өздүк кабинети ишке кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2018 | 919 | 0

2019-жылы пенсионерлердин өздүк кабинети ишке кирет. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, пенсионерлердин өздүк кабинети июль айынан тарта иштей баштайт.

«Жарандар кааласа Социалдык фонд аларга пенсия кандай чектелип жатканы боюнча протоколдун көчөрмөсү берилет. Пенсияны жогорку көлөмдө алуу үчүн жарандын айлык акысы көп болушу керек. Айлык акысы көп босло камсыздандыруу төгүмдөрү да көп болот», — дейт Ашымалиева.

Маалым болгондой, эгер жаран пенсия жашына жетпей кайтыш болсо, акча анын мураскерине өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM