Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддун жобосу жана башкаруусу бекитилди

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 502 | 0

Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим президенттин 5-ноябрдагы № 520 «Мамлекеттик органдардын ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-беренесине жана 17-беренесине ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздоону башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM