Биз менен байланышыңыз

Пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 404 сомду түзөт

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 532 | 0

Ушул жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны республика боюнча 651,2 миңди түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кабарлады.

Анын айтымында, пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 404 сомду түзөт. Ал эми 322,3 миң пенсионер же 49 %ы пенсияны «Кыргыз почтасынын» филиалдары аркылуу алса, банктар аркылуу 328,8 миң адам алат. 2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 17,3 миң адамга көбөйгөн.

Ошондой эле, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 млрд. 328,5 млн. сомго, Эмгекчилердин ден соолугун бекемдөө фонду 288,8 млн. сомго каржыланган.

Copyright © 2017 Maral FM