Биз менен байланышыңыз

Оорулуулар пенсиялык топтомун пайдалана алышат

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 522 | 0

Оор илдетке чалдыгып, малекет тарабынан камсыздандырылган адамдар медициналык чыгымды төлөө үчүн пенсиялык топтолгон каражатын колдоно алышат. Бул тууралуу өлкөнүн социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Оорулар боюнча да маалымкатка жараша бейтаптын эсептик эсебинен каражатты бөлүп беребиз. Аны жарандын кандай пайдаланары өз эркинде, — дейт Ирсалиев.

Маалыматка ылайык, оорулардын тизмеси Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн. Тизмеде кан оорулары, рак, жүрөк кемтиги, жүрөк оорулары, операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу бар. Учурда пенсиялык топтомо фондунда 20 млрд сомдой каражат бар.

Жарандар өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун өз каалоосу боюнча дары сатып алууга, дарыланууга жана операцияларды төлөөгө жана башка тийиштүү керектөөлөрүнө жумшай алышат. Каражаттар бир жолу гана берилет. Башкача айтканда, минималдуу же максималдуу чектөөлөр белгиленбейт.

Copyright © 2017 Maral FM