Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57 млрд сом

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 518 | 0

Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Ошондой эле, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

Ал эми 2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM