Биз менен байланышыңыз

Соцфонддун 2020-жылга карата дефицити 1 млрд 333 млн сомду түздү

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 454 | 0

Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети кирешелер боюнча 53 843 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 53 506,3 млн сом суммасында аткарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 2019-жылда 32 399,4 млн сомду түзүп, 2018-жылдын бюджетинен 1 757,3 млн сомго же 105,5 % га көп болгон. Бирок 744,9 млн сомго  бюджеттин аткарылышы аз болгон. Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардан, туумдардан жана айып пулдардан жана башка булактардан түшүүчү башка кирешелер 404,6 млн. сомду түзгөн.

Социалдык фонд 2019-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик компаниялардан 84 млн сом өлчөмүндө дивиденд алган. Алардын ичинен эң чоң өлчөмүн Эл аралык «Манас» аэропортунан 69 млн сом, «Кыргызнефтегаз» ишканасынан 10 млн сом, «Жалал-Абад электро» ишканасынан 1 млн 789 миң сом, «Кыргызтелекомдон» 2 млн 460 миң сом жана башка бир катар ишканалардан алынган. Социалдык фондго 14 компаниянын акциялары берилген.

Гүльнура Жуматаева билдиргендей, аталган фонддун 2020-жылга карата тартыштыгы 1 млрд 333 млн сомду түздү.

Ошондой эле ал социалдык фонд мурда ашыкча каражаттарын депозитке салып келсе, учурда салбай калгандыгын билдирди.

«Бүгүнкү күндө ашыкча каражат жок, анткени ар бир айдын онунда эптеп акча чогултабыз. Биринчи эле күнү 3 млрд 400 млн сом бир күндө кетет. Ал эми коммерциялык банктарда болгону топтомо компоненти бар. Ошонун каражаттарын гана депозиттерге салабыз. Жалпысынан алсак, 90%ы мамлекетитик баалуу кагаздарда. 2019-жылдан баштап план аткарылбай, резервдик фонддо болгон 800 млн сомду да колдонууга туура келди» , — деди Жуматаева.

Copyright © 2017 Maral FM