12-декабрда Социалдык фонд пенсиялык саясатты кайра иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алкагында киргизилип жаткан сунуштар тууралуу маалымат берди. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери жеке ишкер, дыйкан, фермерлер үчүн төмөндөтүлүшү күтүлүүдө. Пенсияга чыгуу шарттарынын 18 түрү бар. Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн да тарифтери көп. Алардын санын кыскартып, бир нукка салуу сунушу киргизилип жатат.
Экономика министрлиги менен Социалдык фондунун биргелешкен буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун алкагында жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган юридикалык жактардын Социалдык фондго төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи өзгөрүп, жеке жактарга теңдештирилди. Юридикалык жактар Социалдык фондго буга чейин 27,25% өлчөм менен камсыздандыруу төгүмүн төлөп келишкен. Эми ал тариф 12%га түштү.
Бул өзгөртүүлөр тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө, ошондой эле көмүскө экономиканы азайтууга шарт түзөт. Бул багытта иштелип чыккан мыйзам долбоору өкмөтүн токтому менен жактырылып, Жогорку Кеңеште III окууда кабыл алынган. Азыркы тапта президентинин кол коюсунда турат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди:
— Бир эле тармак экиге бөлүнүп калган болчу. Эми алар теңдештирилсе, бири-бирине атаандаш болуусуна өбөлгө болот. Ошондой эле ишканаларды ирилештирүү үчүн да шарт түзүлөт. Алар өндүргөн товарларын ЕАЭБдин алкагында чет өлкөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошондуктан тийиштүү мыйзам долбоорун даярдап ЖКдан өткөрдүк.
Ошол эле учурда аскер кызматкерлерин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотпоо, эмгек стажын көтөрүү маселеси да сунушталууда. Буга байланыштуу аскер кызматкерлери үчүн пенсиялык саясат кайра каралат. Бүгүнкү күнү алар пенсияга чыгуу үчүн 20 жыл кызмат өтөөгө тийиш. Себеби аскер кызматындагы 1 жыл 1,5 жыл болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, бул маселе аскерлердин пенсиясына карата көп сын айтылгандыктан каралууда. Аскер кызматкерлери үчүн пенсия маселесин ЖКнын социалдык маселе, билим берүү, илим жана маданият комитетинин чечими менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ карай турганын айтат:
— «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамга ылайык, пенсиялык саясатты жүргүзүү ар бир органдын өзүнө жүктөлгөн. Бул жерде бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн пенсия берүү маселесин бир мекемеге берүү тууралуу сөз болууда. Алар жаш курагына карабастан мөөнөтү келген учурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берилген. Алар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, Социалдык фонд тарабынан пенсия чегерилсин деген сунуштар келип түштү. Мындан аскер кызматчыларынын пенсияга чыгуу боюнча стажын жогорулатуу же болбосо аскерлерге теңештирилген айрым министрлик жана мекемелерди ал катардан чыгаруу сунушталууда. Алсак, сөз Мамлекеттик бажы кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура, атайын байланыш жана өрт кызматы тууралуу болууда.
Өлкөдө акыркы 10 жылдын ичинде пенсия алуучулардын саны 140 миңге жогорулаган. Бул көрсөткүч Социалдык фонддун бюджетинин өсүшүнө да таасир берүүдө. Медер Ирсалиев мындан улам чыгымдарды оптималдаштыруу, жарандарга пенсия төлөй албай калуу коркунучунун алдын алуу максатында жеңилдетилген шартта пенсияга чыгуунун тартиптери да каралып жатканын белгиледи:
— Жалпы жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 58 жаштан тарта пенсияга чыгат. Бирок жеңилдетилген шартта 65, 55, 53 жана 58 жаштан тарта пенсияга чыгууга абдан көп мүмкүнчүлүк түзүлүп калган. Андан тышкары, 1 жылыдк стаж болсо да, Соцфонд аркылуу пенсияга чыгып калууда. Ошондуктан керектелүүчү стажды да киргизүү сунушталууда. Буга кошумча өлкөдө убактылуу жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин кыргызстандыктар үчүн белгиленген тариф чендерине теңөө сунушу бар.
Мындан сырткары, Социалдык фонд пенсиялык топтомо фонду боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан. Ал жактырылып калса, пенсиялык топтомо фондунда 50 миң сомдон жогору каражаты бар жаран турак жайы жок болгон шартта Мамлекеттик ипотекалык компаниясы аркылуу насыя алып, пенсиялык топтоолорду алгачкы төгүмдү каржылоого 1 жолу жумшай алат. Ошондой эле I, II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар топтомо фондундагы каражаттарды толугу менен ала алышат. Фонддогу каражатты жүрөк оорулары, рак илдети менен жабыркаган жарандар пайдалана алышат.
Бирок экономист Эрлан Камалов мындай реформанын тобокелчиликтери көп экенин, анткени бир учурда көп жарандар топтомо фондундагы каражатты талап кылып калса, Социалдык фонд каржылык кыйынчылыктарга кептелерин белгилейт. Анын баамында, реформаны ишке ашырууда жеке менчик пенсиялык фонддордун кызматын да пайдаланып, аларды колдоо зарыл.
— Жеке менчик пенсиялык фонддордун аракетин мамлекеттик органдар тарабынан тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Анткени алар элдин каражатын топтоп, башка жакка качып кетпешине эч ким кепилдик бере албайт. Улуттук банк коммерциялык банктарды кантип текшерүүгө алса, менчик пенсиялык фонддор да көзөмөлгө алынышы керек. Келечекте пенсияллык жана социалдык камсыздандыруулар менчик пенсиялык фонддорго өтүшү керек. Бул дүйнөлүк тенденция. Соцфонддун бул жатта жасап жаткан реформалары дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен жасалып жатса керек.
Кошумчалай кетсек, 670 миндин тегерегинде пенсионер бар. Пенсиянын орточо өлчөмү 5820 сомду түзөт. Ал эми Социалдык фонддун 2020-жылга алынган бюджетинин киреше бөлүгү 57 млрд 892 млн сомду түзсө, чыгашалар 57 млрд 104 млн сом болору күтүлүүдө.