Биз менен байланышыңыз

«Персоналдык пенсия Соцфондго кедергисин тийгизбейт»

Коом , Экономика | 7 Дек 2020 | 1370 | 0

Учурда өлкөдө 690 миң пенсионер бар. Алардын 482 миңи жаш курагы боюнча, 208 миңи майыптыгы жана камкорчусу жоктугу боюнча пенсия алат. Мекеме быйылкы жылдын 11 айында салыктык жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү аркылуу 32 миллиард сом топтоону пландаган. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу фонддун эсебине 29 млрд сом гана түшкөн. Чыгашанын суммасы кирешеден көп болгондугуна байланыштуу пенсия берүүдө фонддун резервдик бөлүгүнөн да кошумча каражат алууга аргасыз болушкан. Акыркы 11 айда 43 млрд 661 млн сом пенсия таратылган. Бул тууралуу Соцфонддун статс-катчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди.

Депутат Акылбек Жапаров социалдык фонддун иштерине реформа жүргүзүлбөсө, келерки үч жылдын ичинде пенсия бере албай калуу коркунучу бар экенин айтууда. Жапаровдун пикиринде, күч түзүмдөрүндө иштеген жана мамлекеттик жогорку наамдарга ээ болгон адамдар пенсияны ченемден көп өлчөмдө алышат. Тактап айтканда, чегерилген пенсиядан тышкары үстөк пайызы менен кошумча акча кошо төлөнөт.

«Мектепте 35 жыл иштеген мугалимдин 4900 сом менен, ал эми катардагы жөнөкөй лейтенанттын 12 миң сом менен пенсияга чыкканы — адилетсиздик. Мамлекеттик жогорку кызматта иштегендер, прокурор, генералдар, мамлекеттик жогорку наамдын ээлери пенсиясынан тышкары кошумча акча алышат. Пенсияда баары бирдей болушу керек. Мамлекет көптөгөн льготаларды берип салганы туура эмес».

2015-жылга чейинки «Пенсия берүү, социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, мурда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жана наам-даражасы бар пенсионерлерге кошумча акы кошо каралып келген. 2015-жылдын августунан баштап мыйзамдагы бул берене жокко чыгып, үстөк акы алынып салынган. Бирок бул ченем 2015-жылдан кийин пенсияга чыккандарга гана каралып, ага чейин пенсия чегерилип калгандарга мурдагы тартип сакталуу бойдон калган. Социалдык фонддун берген маалыматы боюнча, ошол жылдары мындай тартипте пенсия алгандар 2 жарым миңди түзсө, азыр алардын саны 1800гө жетет.

Жеңишбек Муканбетовдун айтымында, мурда күч түзүмдөрүндө иштеген жана мамлекеттик наам-даражасы бар пенсионерлердин пенсиясы Соцфонддон эмес, республикалык бюджеттен берилет. Демек, мындай төлөм Соцфонддун иштерине кедергисин тийгизбейт.

Мамлекеттик ишмер Зайнидин Курманов Соцфонддун бюджетиндеги тартыштык өлкөнүн өнүгүшүнө эмгек сиңирген аз сандагы адамдардын пенсиясын азайтуу менен чечилбейт деген пикирин билдирди.

«Эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер көп болсо 7-8 миң сом менен пенсияга чыгат. 50 пайыз кошулганда 12 миңдин тегереги болот. Андайлардын саны аз эле. Элге эмгеги өткөн адамдарды сыйлап, колдоо көрсөтүү керек. Алар кезинде көптөгөн сумманы Соцфондго төгүп келген. Соцфонддогу каржылык тартыштыктын себеби башка жакта». 

Милициянын генерал-майору Артур Медетбеков күч түзүмдөрүндө иштегендердин алган маянасы жана пенсиясы өтө аз экендигин, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтат. Себеби аскер кызматкерлери өмүрүнүн жарымын кооптуу жайларда, бийик тоолуу аймактарда өткөрөт.

«Соцфонддогу каржылык тартыштыкты ошончолук эле жойгусу келип жатса, депутаттар мөөнөтү өтүп кеткен учурда айлык алуудан баш тартсын. Аскер кызматкерлеринин маянасы, пенсиясы алардыкынан бир канча эсе аз. Алар кезинде согуштук аймактарда жүрүп, ден соолугун кетирген, майып болуп калгандары бар. Азыр дагы тоо-таштарда Мекендин тынчтыгы үчүн өмүрүн тобокелге салып жүрүшөт. Аларга колдоо көрсөтүү керек». 

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы пенсиянын көлөмү — 700 сомдон 145 миң сомго чейин.

Copyright © 2017 Maral FM