Биз менен байланышыңыз

«Эми пенсиялык фонддун эсебинен ипотекага үй алса болот»

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 1209 | 0

Пенсиялык топтомо фондунда 50 миң сомдон ашык каражаты бар жаран ал акчаны ипотекалык насыя алууда жеке салым катары пайдалана алат. Бул тууралуу өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, турак жай сатып алууда же курууда топтомдогу каражатты алгачкы төлөм катары колдонсо болот. Жаран пенсиялык топтомо фондундагы каражатты ипотекалык насыя үчүн бир ирет гана колдоно алат.

-Жаран банкка кайрылса, банк “Түндүк” системасы аркылуу Соцфондго маалымат берет. Биз карап көрүп туура келсе, банкка акчасын которуп беребиз, — дейт Медер Ирсалиев.

Маалыматка ылайык, учурда пенсиялык топтомо фондунда 20 млрд сомго жакын каражат бар.

Copyright © 2017 Maral FM