Биз менен байланышыңыз

Соцфонд 2019-жылдагы камсыздандыруу төлөмүн толук чогулта алган жок

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 482 | 0

Социалдык фонд 2019-жылы камсыздандыруу төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды толук аткара алган жок. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Социалдык фонддун 2019-жылдагы жалпы кирешеси 53 млрд 860,7 млн сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 2 млрд 847 млн сомго, же 105,6 пайызга көп.

Ал эми камсыздандыруу төлөмүнөн 32 млрд 420,7 млн сом чогулган. Бюджетте бекитилген план 33 млрд 144,3 млн сом болгон. Бул деген 723,6 млн сомдук план аткарылбай калган дегенди билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM