Биз менен байланышыңыз

Сузакта Соцфонддун башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 639 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Cоциалдык фонддун башкармалыгынын башчысынын орун басары А. У. 23 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт. Окуя 19-июнда болгонун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамкызматкер А. У. катардагы жаран Р. М.ны пенсия чыгаруу боюнча документтерин даярдоого 23 миң сом пара сураган. Буга чейин талап кылынган каражаттын 13 миң сому берилген.

Аталган кызматкер 19-июнда иш бөлмөсүндө паранын калган 10 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү жаран Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM