Биз менен байланышыңыз

Сузак: кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүүлүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 663 | 0

Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча түшүндүрүү, алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Барпы, Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарындагы жер көчкү кооптуулугу жогору болгон тилкелерге ӨКМнин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин жумушчу тобу тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, биринчи кезекте көчүрүүгө 102 үй-бүлө сунушталган.  

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынындагы кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү иштерине жергиликтүү бийликке 20 бирдик 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилип, Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылынын Кайырма тилкесине тигилип, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, ӨКМдин Сузак району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү бийлик органдарынан турган комиссия курамы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM