Биз менен байланышыңыз

“Семетей” обсервациясында кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү түзүлдү

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 659 | 0

“Семетей” обсервациясында кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалмат кызматы билдирди.

Ага бардык коммуникациялык шарттары: суу, свет, канализация системалары орнотулду.

Мындан тышкары, жарандарга дем алууга керектелүүчү суюк кислород берүүүчү концентранттар орнотулуп, учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орундук кычкылтек менен камсыздалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров “Семетей” госпитализация пунктунда жаткан жарандарга, аларды тейлеп жаткан медициналык персоналдын, ӨКМ, ИИМ кызматкерлеринин кошумча шарттарын жакшыртуу макстатында тиешелүү меселелерди чечүү үчүн жеринде иш алып барды.

Copyright © 2017 Maral FM