Биз менен байланышыңыз

Сокулукта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 738 | 0

Сокулукта катуу шамал болуп, авариялык абалда турган мектептин чатырып учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

18-майда болжол менен саат 23:30да Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16 метрге жеткен шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен 2015-жылдан бери иштебей турган Б.Жамгырчинов атындагы орто мектептин 250 чарчы метр темир чатырын учуруп кеткен. Мектеп авариялык абалда болгон.

Жерине ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM