Биз менен байланышыңыз

28-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 329 | 0
Автор: Зафер Динжер

Эртең, 28-сентябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +23 … +28;

Талас облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +23 … +28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11 … +16, күндүз +25 … +30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +20 … +25 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11 … +13, күндүз +26 … +28 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM