Биз менен байланышыңыз

Жалал- Абад: Өткөрмө кагазын алуу боюнча кайрылгандардын саны 17 миңден ашты

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 427 | 0

Жалал- Абадда өткөрмө кагазын алуу боюнча кайрылгандардын саны 17 миңден ашты. Бул тууралуу Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча комендант Жеңиш Жоробеков билдирди.

«Биз ыкчам комиссия түзүп, алгач медицина кызматкерлерине, азык-түлүк жеткирүүчү жарандарга жана тиешелүү иш алып барып жаткан кызматкерлерге бердик» , — деп билдирди Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча комендант Жоробеков.

Жоробеков билдиргендей, учурда жарандардан өткөрмө кагазын алуу үчүн суроо-талаптар көп, анын ичинен алыскы райондорго азык-түлүк жеткирип берүүнү каалаган жеңил унаанын айдоочулары болууда.

Copyright © 2017 Maral FM