Биз менен байланышыңыз

Штаб: Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 1533 | 0

Эртең, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды. Мындай чечим бүгүн, 3-майда, облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Штабдын маалыматында, аймак тургундары райондук мамлекеттик администрациялар жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде, жүйөлүү себептер менен гана башка региондорго   чыга алышат.

— Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЧР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү, — деп айтылат маалыматта.

Облустук ыкчам штаб кабыл алынган чараларды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын так сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM