Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өзгөчө абал токтоп, коменданттык саат жокко чыгарылат

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 910 | 0

Бүгүн Өкмөттө Республикалык ыкчам штабдын жыйыны болуп, өзгөчө кырдаал режимин узартуу чечими кабыл алынды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обочолонуу режимин сактоо ар бир кыргызстандыктан өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын билдирди.

Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-майда саат 24:00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет, — деди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөрүн Өкмөт башчы кошумчалады.

Мындан тышкары Өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.

Премьер-министр кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM