Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» аянты тынч

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 874 | 0

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында 5-октябрдан бери уланып келаткан митингдер токтоду. Бүгүн аянтта «Тазалыктын» кызматкерлери тазалоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми Өкмөт үйүнүн алдында ондогон кишилер чогулуп, Садыр Жапаровду колдоо акциясын улантышууда.

Эске салсак, кечээ «Акыркы үмүт» маршы өтүп, темир жол бекетине топтолгон митингчилер Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына келишкен. Аларга алгач «Форум» имаратынын алдына жыйналган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылар менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары келип кошулган. Бирок митинг аягына чыкпай, айрым саясатчыларга кол салуу болуп, саясий активист Тилек Токтогазиев жаракат алган.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизип, кечки 20:00дөн таңкы 8:00гө чейин көчөгө чыккандарга чара көрүлөрү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM