Биз менен байланышыңыз

Казакстанда эки жумалык карантин киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 1136 | 0

Коронавирустук инфекциянын жайылуусуна байланыштуу 5-июлдан баштап Казакстанда сулуулук салондору, спорт залдар, фитнес-борборлор, ички базарлар, көңүл ачуу жайлары, диний мекемелер, бала бакчалар жана жайкы лагерлер жабылат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Казакстандын бийлиги 5-июлдан тартып 14 күндүк мөөнөткө карантин чараларын күчөтөт. Бул чечим эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана SARS-CoV-2 коронавирусунун жугуштуу ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынгандыгын Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн, 2-июлда билдирди.

Чектөөчү чаралардын алкагында массалык, үй-бүлөлүк жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, сулуулук салондору, чач тарачтар, спортзалдар, фитнес борборлор, бассейндер, базарлар, пляждар, парктар, маданий жайлар, көңүл ачуучу борборлор, диний жайлар, кинотеатрлар, бала бакчалар, ден соолук лагерлери жана башка мекемелердин иши токтотулат.

Ошондой эле, жарандардын кыймылына да чектөө киргизилип, үч кишиден ашпаган топторго жөө жүрүүгө уруксат берилди. Мамлекеттик мекемелердин, кеңселердин, улуттук компаниялардын жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кеминде 80%ына аралыктан онлайн иштөө формасы күчүндө калтырылды.

Карантин учурунда медициналык пункттар, дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрү жана ачык базарлар иштейт. Санитардык жана дезинфекциялык режимге ылайык, ачык абадагы тамактануу жайлары, курулуш жана өнөр жай ишканалары үзгүлтүксүз өндүрүштүк цикл менен иштей берет, айыл чарба жана курулуш иштери улантылат.

Мындан тышкары, автоунааларды жана тиричилик техникаларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр улантылат.

Ошол эле учурда ички каттамдар менен поезддердин кыймылы чектелет. Шаарлар аралык автобус кызматы токтотулуп, шаарларда коомдук транспорттор чектелет.

Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирустук инфекциянын жаңы 1509 учуру аныкталып, инфекциянын жалпы саны 42 574кө көбөйдү. Ошол эле учурда коронавирустан жалпы 188 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM