Биз менен байланышыңыз

Баткенде 1500гө жакын ишкана ишин баштады

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 700 | 0

Коронавирус оорусунун экономикалык абалга тийгизген таасиринин алдын алуу максатында Баткен облусунун аймагында 1-майдан тартып бир катар тармактарга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилди.

Алар: өнөр жайы жана өндүрүш тармагы — 95, курулуш тармагы — 41, транспортторду кароо, ремонттоо — 246, жеке жана мамлекеттик нотариус — 21, соода тармагы, (зарылчылыкка жараша, белгиленген тизме менен) — 460, чач-тарач кызмат көрсөтүү салондору — 105, транспорттук кызматтар — 531, жалпы 1499 чарбалык субьекттер иштеп баштады.

Белгилей кетсек, бул тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилди. Ошондой эле облустук өкүлчүлүк жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM