Биз менен байланышыңыз

АКШ Украина, Израиль жана Тайванга 95 млрд долларлык аскердик жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 412 | 0

АКШ президенти Жо Байден Украина, Израиль жана Тайванга 95 миллиард долларлык аскердик жардам тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Украинага бул сумманын дээрлик 61 миллиард доллары берилет. Мыйзам долбооруна кол коюлгандан кийин Байден Украинага жардам бир нече сааттан кийин кетерин айткан.

BBC орус кызматынын маалыматына караганда, документ төрт мыйзам долбоорун камтыйт: Украинага, Израилге жана Тайванга жардам берүү жөнүндө, TikTok тармагына тыюу салуу, камакка алынган орус активдерин сатууга уруксат бере турган мыйзам камтылган.

Израилге жардам берүү жана Газа тилкесиндеги гуманитардык жардам үчүн АКШ 26 миллиард доллар, Тайвань жана Индия-Тынч океанындагы коопсуздук үчүн 8 миллиард доллар бөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM