Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 466 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM