Эл аралык мектеп директорлорунун ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү тармагындагы эксперт Ари Покканын «Finish school Lidership and Management» китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. Эмгекти кыргыз тилине «Bugupress» басма үйү которгон.
«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китеби өзүнүн натыйжалуу жана адилеттүү системасы менен дүйнөгө таанылган Финляндиянын мектептери тууралуу. Анда автор 20 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектепти ийгиликтүү уюштуруп, башкаруу сырларын айтып берет. Финдердин мектеп системасына жасаган мамилеси бир катар мамлекеттер үчүн мыкты тажрыйба болуп бере алат. Китептин автору «Маралга» маек курду.
— Ари мырза, Кыргызстанга кош келипсиз. Сиз жазган китептин кыргызчага которулуусу менен куттуктап өтөйүн. Бул сиздин Кыргызстанга алгачкы келишиңизби?
—Саламатсыздарбы, мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Менин китебимди кыргыз тилге которгон “Бугупресс” басма үйүнө ыраазычылык билдирем.
Сизди өкмөт башчы Акылбек Жапаров, Билим берүү министри Догдүркүл Кендирбаева кабыл алды. Жолугушууда кандай сөздөр болду? Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы иштерин, максатын биле алдыңызбы?
— Өкмөт башчы Акылбек Жапаров, Билим берүү министри Догдүркүл Кендирбаева менен жолуктум. Жолугушууда мени таң калтырганы, алар менин китебим тууралуу маалыматтары бар экени болду. Кыргызстанга биринчи жолу келгеним менен буга чейин кыргыздар менен Казакстанга келгенде жолукканмын. Анда бир канча маселелерди талкуулаганбыз. Жолугушууда негизинен Финляндиянын жана Кыргызстандын билим берүү системасы, мектеп директорлорунун маанилүүлүгү, мугалимдердин абалы тууралуу сүйлөштүк. Акыркы жылдары Кыргызстан билим берүү тармагында көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңылануу, реформаларды жасап жатканын талкууладык.
Алгач ушул китебиңиз жөнүндө сөз кылалы. “Мыкты мектеп. Мыкты мектепти финдердей башкаралы” китебинин маңызы эмнеде?
—Китеп негизинен мектеп жетекчиси болом деген адамдар үчүн жазылган. Китепте жакшы идеялар, теориялык эмес, практикалык багытта өзүмдүн жана кесиптештеримдин тажрыйбасынан алып жазгам. Жалпы алганда ар бир мугалимдин үстөл китепчеси сыяктуу деп айта алам. Китепте негизинен менин тажрыйбаларым жазылган. Ошондой эле анда мектепте окуучуларды кантип мыкты кылуу керектиги жөнүндө айтылган китепче. Баса белгилеп айтайын дегеним, мен өзүм мыкты класста окуган эмесмин, бирок менин окурмандарым, бул китепти окугандан кийин мыкты окуучу, мыкты класс болот деп ишенем. Китепти мен бир гана өзүмдүн тажрыйбама таянбастан, башка кесиптештеримдин да практикалык тажрыйбаларына таянып, алар менен да кеңешип жазганмын. Негизги максаты, айтылган ой мектептерге практикалык принциптерге басым жасоо. Билим берүү системасында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Биз билим берүү системасында мыкты принциптер болуусун жана талаптардын аткарылуусун каалайбыз жана талап кылабыз.
Муну сиз 20 жылдык мектеп тажрыйбаңызга таянып жазган экенсиз. Бул убакыт аралыгында мектеп системасына кандай өзгөртүүлөрдү киргизе алдыңыздар?
— Финляндияда билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр мен карьерамды баштаган учурга туш келди. Азыр убакыт бат өтүп, ар бир тармак тездик менен өнүгүүдө. Ошондуктан жаңыланууларга дайыма даяр болуп, бат кабыл алуу керек. Мен алгачкы телефонумду мугалим болуп иштеп баштаган кезде алгам. Ал эми ноутбугум жай иштегендиктен, ал жанганча мен кофемди ичип бүтчү элем. Азыр баары тездик менен иштейт. Бизге смартфон, компьютерлерди колдонуу үчүн да ыңгайлуу принциптер керек. Албетте, жаңы муун, окуучулар үчүн тездик менен өнүгүп жаткан технологияны билиүү, аны үйрөтүү да маанилүү. Бирок, анын эле жанында дагы бир өтө маанилүү нерсе бар ал — окуучулардын тарбиясы. Акыркы мезгилде биздин өлкө окуучулардын тарбиясына басым жасап жатабыз.
Финляндия дүйнөдө билим берүү системасы жакшыртылып турган өлкө катары таанымал. Бул система кантип, кандай процесстер менен түптөлдү? Анын өзгөчөлүгү жана баалуулугу эмнеде?
—Финлядиянын билим берүү ситемасында өзгөрүүлөр 1960-1970-жылдары башталган. Ошол убакыттан бери билим берүү системасында көп деле өзгөрүү болгон жок, бүгүнкү күнгө чейин ошол ситемада иштеп келе жатабыз. Бирок ага карабастан жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып келебиз. Алардын эң негизгиси окуучулардын ден соолугуна кам көрүү, үй-бүлөнүн коопсуздугу, жашоодогу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталган иштер жасалууда. Билим берүү өлкөбүздүн эн чоң жана негизги долбоору болуп саналат жана бул тармакка өзгөчө маани берилет. Бирок маани берилгенине карабастан бизде да кыйынчылыктар бар. Бүгүнкү күндө кыздардын жана балдардын арасында жалпы эле окуучулардын арасында Ковид-19дан кийин окууну улантсамбы же окубай эле койсомбу деген көйгөй пайда болду. Финляндия күчтүү өлкөлөрдүн катарына кирет, ошондуктар билим берүү тармагында ар бир окуучуга, жарандарга бирдей мамиле жасайт. Анткени теңдүүлүк Финндердин билим берүү ситемасындагы негизги баалуулук. Аны менен катар негизги көйгөйлөрдүн бири окуучулардын арасында өзгөчө жардамга муктаждар бар, аларга мугалимдер өзгөчө мамиле жасап, аларды ошол абалдан чыгарууга аракет жасашат.
Кыргызстандын билим берүү системасы Жогорку Кеңеште да бир канча жолу көтөрүлүп, талкууланып келет. Билим берүү системасы өзүн актабай калды, союз мезгилиндеги система менен калып кеткен деген сындар бар. Буга далил катары аймактагы мектептерде окуучулардын 60%га жакыны базалык эсепти чыгарууда кыйналат жана окуган нерсесин түшүндүрө албайт деп айтышат. Мунун себебин эмнеден улам деп ойлосуз? Абалы ушундай болгон системага сиз кандай баа бересиз?
—Мен буга чейин Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөрдө иштегем. Бул өлкөлөрдө Советтер союзундагы билим берүү системасынан чыгып, жаңы реформаларды жасоого болгон аракеттер бар. Бирок бул өлкөлөрдө окуучулар метепте мугалим эмне десе ошону эле кайталап жатышат. Окуучулар жаңы идеялар, ой жүргүртүү жагынан бираз алсыз. Эгер кандайдыр бир теманын алкагында презентация жасай турган болсо, мугалимдин айтканындай гана жасап коюшат. Финдер балдарын жаш кезинен эле окууга кызыктырат. Окуучу да ката кетирсе болот, мугалим да ката кетире алат. Бул үйрөнүүнүн процесси, биз баарыбыз ар бир нерсени үйрөнөбүз. Мугалим деле баарын эле бир биле бербейт. Мугалим -мүмкүнчүлүктөрдү гана берүүчү инсан. Алар өздөрү окутуп жаткан предмет боюнча маалыматтарга ээ болуусу зарыл. Ошондуктан мугалим окуучуларга идеяларды эмес, мүмүмкүнчүлүктөрдү гана бере алат. Бизде “бир нерсени канчалык үйрөнсөң, ошол нерсени башкаларга да жайылтып, үйрөтүү керек” деген ыкма бар. Бул нерсе практикада пайдасын тийгизет. Анткени сен бир нерсени уксаң ошол нерсе жөнүндө ойлонуп, ар кандай идеяларды ойлоп, ошол ыкма менен башка бирөөлөргө да үйрөтөсүң.
Билим берүүдө бала бакчалардын ролу тууралуу эмнелерди айта аласыз? Себеби статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда бала бакчага бара турган балдардын санынын 26%га бала бакчага барат. Финляндия да бала үч жашка чыктыбы, демек ал бала бакчага барыш керек. Финляндия да 65 пайыз балдардын, коомдук бала бакчаларда окушат.
—Финдерде бала бакча деген эмне? Бала бакча бул болсо; билим берүүчү жер эмес, ал болгону балдарды ойнотуучу, балалык курагында бактылуу боло алчу жери. Анткени аларда окуу башталгыч класстан башталат, качан бала 4кө толгондо. Финндерде дагы бир маанилүү нерсе башталгыч класстарга кандай балдар келип жатканын мугалимдер билиши керек. Ошентип биринчи класстын мугалимдери оңой түрдө эле билип алышат аларга кандай студенттер келип жатканын, кантип бул группа менен иштесе болот экенин. Эң негизги нерсеси, бул билим берүү системасын болушунча эртерээк башталганы жакшы. Бизде жеке менчик бала бакчалар, жеке мектептер жокко эсе. Жада калса аларда жеке бизнеси болгон учурда дагы, баарын өздөрү үчүн иштеп ала алышпайт. Мен көптөгөн өлкөлөргө бардым, аларда жеке менчик мектептерди, бакчаларды артыкчылык катары көрүшөт. Эмнеге жеке мектеп? Жеке мектептерге баруусунун себеби, коомдук бала бакчаларга, мектептерге ишенбөөчүлүктө жатат. Баардык эле үй-бүлөлөрдө, жеке бала бакчаларга, мектептерге берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Албетте, Жеке менчик мектептер жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн керек. Анткени алар мамлекеттик мектептер үчүн атайын үлгү боло алышат. Көптөгөн өлкөлөргө ушундай мектептер керек болгон, алар болсо идеянын үстүнөн иштеп, аны өнүктүрө алган.
Билим берүүдө жеке менчик бала бакча менен мектептердин орду кандай?
Бишкекке келип, мен жеке менчик мектептердин бирине бардым. Алар экзамендерине даярданып жатышкан экен, анан мен «бул экзаменден кийин силер эмне кыласыңар» — деп сурадым. Сүйлөшүүдөн кийин байкаганым боюнча жеке менчик мектепте окуганына карабастан, алардын 80%ы дагы башка чет өлкөлөрдө билимин уланткысы келет экен. Биз ойлоно турган бир нерсе, эгер кыргызстандык жарандар чет өлкөлөргө кете берсе, эмне кылышыбыз керек? деген маселенин үстүндө ойлонушубуз керек. Алар кетип калбашы үчүн, көпчүлүк окуучулар, студенттер кетебиз деп айтканы үчүн, биз башкача нерселерди кылсак болот. Консулдар менен иштеш керек. Консул дегени бул атайын бир адам алардын жашоодогу багыттарын аныктоого жардам берет. Ал учурда кээ бир студенттерге мугалимдерден жардам керек болот, ошолорго жардам жана мотивацияга толгон студенттердин санын берип, башкача иштешсеңиздер болот.
Кыргызстанда учурда 12 жылдык билим берүү системасы талкуулап жатат. Муну дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келтирүү катары түшүндүрүлүүдө. Бул канчалык маанилүү фактор деп ойлойсуз?
—Финляндияда 12 жылдык билим берүү системасы бар, жана бул нерсе жакшы деп ойлойм. Анткени окуучу мектепти бүткөн учурда мыйзам түрүндө дагы өз алдынча эркин боло алышат. Бир жылды кошуп койгону абдан жакшы болот, мүмкүнчүлүктөр десек болот, кесиптерди үйрөнүү багытында көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.
Финляндияда мамлекет билим берүү тармагын кантип жөнгө салат? Бул боюнча министрлик барбы? Анын жоопкерчилиги кандай? Негизи билим берүү тармагы административдик жактан кандай туура башкарылышы керек? Мисалы, Кыргызстанда билим берүү министрлигине көп жүк жүктөлүп калганын айтып, муну эффективдүү эмес система деп сындап жүргөндөр да бар.
Бизде жаңы жетекчи келгенден кийин төрт жылдан кийин гана өзгөрүү болот. Билим берүү министрин мугалимдер шайлайт. Биз ошол шайлоо жолу менен тандайбыз. Шайлангандан кийин алар төрт жыл министрликте туруктуу иштейт. Мындан 20-30 жыл мурун өздөрүнун кесиптик ишмердүүлүгүндө билим берүү министрлери мынчалык популярдуу эмес болчу. Кийин эле бул нерсе өзүнүн баалуулугун жоготту, анткени баары эле саясатка келүүгө кызыктар болушту. Бул инсандардын бул жакка келиши жаңы мыйзамдардын жаңы нерселердин түптөлүшүнө алып келди.
Жасалма интеллектин доорунда билим берүү тармагы кандай өзгөрүүлөргө туш болот? Же болбосо жасалма интеллектин доору билим берүүгө кандай таасир берет?
—Негизи бүгүнкү күндө жасалма интеллектти көпчүлүгү эле колдонуп жатышат. Бул жөнүндө мектеп өзү биз канткенде жана кайсы багытка жасалма интеллектти колдоно алабыз деп өзү чечиши керек. Эгерде тоскоолдуктарды көрүп жатса анда ойлонуу керек, биз кантип жасалма интелекти колдоно албайбыз деп. Азыркы учурда финдердердин системасында жасалма интеллекти үй тапшырмасында, дипломдорунда колдонууга уруксат берилди. Анткени алар бизге пайдалуу болуп жатат жана кантип мектеп ушул коомдон бөлөк болуш керек. Аны колдоноордо мугалимдер алар кандай тапшырмаларды жасалма интелектен сурап жаткандыгын билиши керек. Бирок ошого карабастан мугалимдер дайыма керек. Жасалма интеллект болсо бизге мугалим болуп бере албайт. Мен дагы өзүмдүн тажрыйбамдан алсам туура суроо бере ала турган адамдарга жасалма интеллект керек . Жасалма интелект бул- окуучулардын келечеги үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн жана ошонун аркасы менен аларда кандайдыр бир ой , идея пайда болуп калышы мүмкүн. Мен жашоомдо жасалма интелектти колдонуп, презентацияларды даярдайм.
Бул учурда мугалим кандай болуусу керек. Заманбап мугалим дегенди кандай түшүнөсүз? Ал арада мектеп директорлору кандай болуусу керек деп ойлойсуз?
—Албетте билим беүү системасында мыкты мугалимдер керек. Ал эми алардын мыкты иштөөсү үчүн мыкты жетекчи болуусу зарыл, ошондо гана мыкты мугалимдер чыгат. Мектептин жетекчиси башкаруучу катары баарына буйрук берип, өзүм билемдик кылбастан, баарына шарт түзүп берген, баарына бирдей караган адам болсо жыйынтык жакшы болот. Ал эми мугалимдер жогорку окуу жайын бүтүп эле жумушка орношуп жатат. Биз 3-4 жылда бир мугалимдерди кабыл ала турган тандоо турун кылуубуз керек. Мектеп директорлору жана мугалимдер өздөрүн өнүктүрүүгө багытталган тренинг, ар кандай иш-чараларага катышып, өздөрү менен өздөрү иштөөсү зарыл. Замандын талабы университетте алган билим менен гана чектелбей, ар дайым изденүүнүн, аракеттин үстүндө болууга түртүүдө.
Мектепте мугалимдин, окуучунун жана ата-эненин ролу кандай болуусу керек?
-Мен үчүн мектеп болобу, окуучубу, мугалимби же директорбу талап баарына бирдей болуусу керек. Эгер окуучулар үчүн көптөгөн талаптарды коюп, бирок аны өзүбү аткарбасак, окуучулар көрүп, алар да аткарбай коет. Ошондуктан мектеп жетекчиси, мугалим окуучуларга үлгү болуп, аларга кандай талап койсок, өзүбүзгө да ошондой талап коюп, биргеликте чогуу аткруубуз керек. Эң негизгиси мектеп жетекчиси окуучуну урматтап, анын оюн да угуп, көңүл буруусу зарыл. Эч качан ал кичине бала, эмнени билмек эле деген нерсе болбош керек. Ал эми окуучу үчүн эң маанилүү нерсе “мен бирөөнөн артта калдым, мен билбей калдым” дебестен өз алдынча ал да окуп үйрөнө берүүсү керек.
20 жылдай мектеп директору болуп иштеген экенсиз, бир мектепти кантип жогорку деңгээлге чыгара алдыңыз, мисал менен айтып берсеңиз?
-Мен жаш кезимден ушул мектепти кантип алдыга чыгарам, кантип алдыңкы мектеп кыла алам деген план, максат койчумун. Өзгөчө сабактан артта калган окуучулар менин көңүл чордонумда болду. Аларга кандай жардам берүүнүн жолун карадым. Ошол эле учурда биздин мектепти көп улуттуу мектепке айлантканга да аракет кылдык. Мен жетекчи болгон мектепте бир гана финддер гана эмес, башка улуттун өкүлдөрү да окуйт. Мага дайыма мугалимдерден, ата-энелерден ар кандай каттар келип турчу, мен аларга кеңештеримди, сунуштарымды айтчу элем. Азыр көп деле айтпай калдым, анткени менин кесиптештеримде мектепти кантип башкаруу керектиги тжөнүндө өз алдынча план түзүп, тажрыйба топтоп, кандайдыр бир база түзүп алышты. Эң негизги нерсе мектептеги билим берүү кыска убакытта өзгөрүп, дароо натыйжасын бере турган несе эмес, ал көп убакытты талап кылат жана аны күтүү керек.