Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору парламентке түштү

Кыска кабар | 17 мая 2024 | 208 | 0

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү.

Документтин негиздемесинде айтылгандай, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү ресурстарды пайдалануу жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү үчүн мыйзам долбоору менен Кыргызстандагы уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо, иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерге тыюу салууну алып салуу сунушталганы белгиленген.

Министрлер кабинети 2020-2023-жылдардагы окуялардын экономикалык оор кесепеттеринен улам Кыргызстандын экономикасына башка киреше булактары өтө зарыл экенин белгилейт.

Ошондой эле Кыргызстанда уран жана торий казуу иштерин жүргүзүүдө экологиялык нормаларды жана стандарттарды так сактоо шартында бул кендерди казып алуу жана экспорттоо Кыргызстандын экономикасынын маанилүү бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени айтылат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу уранды жана торийди казып алуунун заманбап технологияларына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү менен коштолот. Бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштырууга жардам берет.

Мындай технологиялардын бар экендиги аныкталса, мамлекеттик органдар аларды жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ишке ашыруу боюнча талаптарды киргизет.

Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдар уранды жана торийди казып алуунун айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген зыянын азайтуу үчүн төмөнкү чараларды көрүшөт.

Мыйзам долбоору 2024-жылдын 27 февралында коомдук талкууга коюлган, 26-мартта аяктаган.

2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин казууга эл каршы чыгып, бир нече жолу нааразылык акциялары уюштурулган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран, торий кенин казууга тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Кызыл-Омпол: Уран казуу кимге пайда, кимге зыян?

Copyright © 2017 Maral FM