Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Омпол: Уран казуу кимге пайда, кимге зыян?

Коом | 21 Фев 2024 | 674 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуусунда Кызыл-Омпол уран кенин кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү.  Жыйында президент уранды казуу боюнча элдин пикирин сурап, катышкандардын дээрлик көпчүлүгү колдоду. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган комиссия да түзүлдү. Алар уран казуу пайда-зыянын аныкташат. 2019-жылы да уран казуу маселеси көтөрүлүп, ал бир катар нааразычылыктар менен коштолгон. Экологдор урандын кесепетинен жаратылыш кырсыгы пайда болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. 

Президент катышкан жыйында Тоң району менен Кочкор району чектешкен аймакта орун алган «Кызыл-Омпол» кенин иштетүү боюнча да талкуу болду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кен ачылса, миңден ашуун жумушчу орун түзүлөрүн, экинчи «Кумтөр» пайда болорун айтты.

«Жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат, эл да байыйт. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр «Кумтөрдү» кандай иштетип жаткан болсок, «Кызыл-Омполду» да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт», — деди ал өз сөзүндө.

Балыкчы шаарынан «Кызыл-Омпол» 17 чакырым алыстыкта жайгашса, Көк-Мойнок айылы менен болгон аралыгы үч чакырымга чукул.

Уран кенин казууга каршы чыккандардын бири, Балыкчы шаарынын тургуну Марат Акатов уран кенин изилдөө боюнча комиссиянын катарына киргенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин уран казууга каршы болгондордун баары комиссияга кирип жатат.

«Президент: «Эгер зыяны болсо казылбайт», — деп айтканынан буга чейин уранды казууга каршы болуп келгендер атайын комиссия түзүшүн сурандык. Комиссиянын курамына мурда уран казууга каршы болгон жергиликтүү тургундар, активисттер кирди. Балыкчы шаарынан 13 адам комиссияга мүчө болдук. Эгер уран зыян болсо казылбайт, зыяны жок болсо, анда казылат. Комиссия ишин баштай элек, жаңы түзүлө баштады»

Уран — Менделеевдин мезгилдүү системасындагы элементтердин бири, радиоактивдүү заттардын тобуна кирет. Уран альфа, бетта, гамма деген үч радиоактивдүү нурдан турат. Адистер урандын адам саламаттыгына коркунуч жаратарын, организмге кирген соң, тукум куушу да мүмкүн экенин айтышат. Уран негизинен атом бомбасын жасоого жана Атомдук электр станцияларында колдонулат.

Кызыл-Омпол аянтында беш чачыранды тилке бар: Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк жана Оттук. Геологиялык маалыматтар боюнча Таш-Булак жана Баке участоктору өткөн кылымдын 60-жылдарынын ортосунда чалгындалган. «Кызыл-Омпол» тоо-кен тилкеси 1951-жылы ачылып, геологиялык чалгындоонун жүрүшүндө кенде 13 миң тонна уран, андан тышкары 29 миң 252 тонна торий, 287 миң 636 тонна цирконий, аны менен катар титан, фосфор, талаа шпаты сыяктуу заттар да бар экени аныкталган.

Тоо-кенчилер биримдигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, өлкөдөгү бардык эле кендерди казуу экономикага пайдасын тийгизет. Бирок алгач анын экологияга, жан-жаныбарларга, ошол аймакта жашаган жарандардын саламаттыгына зыянын тийгизбегенин адистер аныктап чыккандан кийин гана уруксат берүү керек.

«Бүгүн же эртең эле казуу иштерин баштайбыз» дегенден алыс болуу керек. Биринчиден, уран жана торий казууга тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу керек. Экинчиден, ал жактагы айрым жерлер Ысык-Көл биосфералык аймагына кирет, анын курамынан чыгаруу иштери бар. Андан кийин тиешелүү адистер: «Кызыл-Омпол ишке кирсе, экологияга, жакын жашаган адамдардын саламаттыгына эч кандай зыяны жок», — деген корутунду чыгаруусу зарыл. Аны коомчулукка, депутаттарга аныктап, тактап, түшүндүрүп берүү зарыл. Андан кийин гана казуу иштерин жүргүзсө болот».

Ошондой эле Дүйшөнбек Камчыбеков Кызыл-Омполдун аймагында «Бишкек-Нарын-Бишкек» трассасы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергия менен камсыздап турган 500 Квт чыңалуудагы «Датка-Кемин» көмөкчү чордонунун чоң линиясы өткөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева буга чейин маселе көтөрүлгөндө да каршы болгонун, биосфералык катастрофа болуп кетүү коркунучу жогору экенин айтат.

«Мен 2019-жылы уран казуу маселеси көтөрүлгөндө каршы чыккам. Балыкчыда болгон жолугушуунун видеосун көрдүм, мен үчүн кызык болуп калды. Мурда эл каршы болуп жаткан, азыр колдоп берип жатат. «Жергиликтүү тургундар чечет» деген нерсе болуп калды. Жеке менин пикирим көл биосфералык аймакка кирет. Кокустан кандайдыр бир кырсык болсо, биосфералык катастрофа болуп кетиши мүмкүн. Анын кесепети бир эле Балыкчы эмес, толук Ысык-Көл облусуна, Нарынга чейин таасирин тийгизиши мүмкүн».

Эколог Айгүл Ырысалиева урандын экологияга тийгизген терс таасири күчтүү экенин айтат. Ал Кызыл-Омполду Кумтөрдөн кийинки эле уулуу кен казуучу жайга айланышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Кызыл-Омполдо уран казылышы керек, эч кандай химиялык заттар колдонулбайт, айлана-чөйрөгө, топуракка эч кандай терс таасири тийбейт» дегенге мен эколог катары кошулбайм. Анткени уран өзү эле оор элемент болуп, айлана-чөйрөгө, адамдарга, жан-жаныбарларга терс таасирин тийгизет. Уран бир канча түргө бөлүнүп, уран-1, уран-2, уран-3 деп аталат. Ошондуктан аны иштетүүгө такыр болбойт. Кызыл-Омпол Кумтөрдөн кийинки эле эң уулуу экинчи аймак болуп калышы мүмкүн».

2019-жылы апрель айында Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу чуу чыккан. Жергиликтүү эл, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Буга байланыштуу ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен казуу иштерин токтотуп, «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алган. Президент Сооронбай Жээнбеков кен казылбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Канат Керезбеков, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков уран жана торий казууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп, аны парламент үч окууда тең колдоп берген.

Copyright © 2017 Maral FM