Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Түндө болгон окуяда провокация кылгандар болду

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 419 | 0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарында түнү чет элдик жарандар менен жергиликтүүлөр ортосунда чыккан чыр боюнча чукул билдирүү таратты.

Ал Бишкекте түнү 700гө чукул жаштар топтолгонун, алар өлкөдөгү мыйзамсыз миграция менен күч органдары жакшыраак күрөшүүсүн талап кылганын билдирди.

Ошондой эле ал кайрылуусунда мамлекеттик органдар мыйзамсыз миграция менен күрөшүп келгенин, буга чейин эле миңдеген Бангладеш жарандары депортацияланганын айтып өттү.

Андан сырткары түнү Бишкекте болгон окуяда көпчүлүктүн арасында провокациялык аракеттерге барууга аракет кылгандар болгонун, айрымдары курал да көтөрүп жүргөнүн айтып, алар кармалганын билдирди.

Кайрылуусунун аягында бул окуяны саясий өңүткө бурууга аракет кылгандарга чара көрүлөт деп эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM