Биз менен байланышыңыз

«Акылман» лицейине 8-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн каттоо жүрүүдө

Кыска кабар | 17 мая 2024 | 276 | 0

«Акылман» президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосуна катышуу үчүн 8-класстар 25-майга чейин exam.edu.kg сайтына катталышы керек.

8-класстар үчүн конкурстук тандоо 3 этаптан турат:

Биринчи турда 1-6-июнь күндөрү онлайн тестирлөө болот.

2-турда 10-14-июнь күндөрү онлайн тестирлөө.

Үчүнчү тур 18-22-июнь күндөрү оффлайн түрдө тестирлөө ар бир облуста өткөрүлөт.

Эгер 15-майга чейин катталып алгандар болсо, алар ошол логин/паролу менен эле тестирлөөгө катыша алат. Андыктан кайра катталуунун кереги жок.

Толук маалымат алуу жана катталуу үчүн:

Инстаграм баракча – @akylman.presidential_school (https://www.instagram.com/akylman.presidential_school?igsh=MWcya2FmejRqYTd2eQ%3D%3D&utm_source=qr)

Телеграм канал – “Акылман” Кабыл алуу — 2024” (https://t.me/akylmanpresidentialschool)

1-2-турдун тестирлөөсүн онлайн тапшыруу үчүн сайт – https://exam.edu.kg/

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM