Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын жетекчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
2-июлда федерациянын кезексиз жыйыны өтүп, анда Курманкул Зулушев федерациянын жетекчилигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алгандыгы айтылды.
Федерациянын уставына ылайык, биринчи вице-президент Нурлан Максүтов 17-июлга чейин президенттин милдетин аткаруучу болот. Андан кийин 17-июль күнү конференция өтүп, анда жаңы жетекчи шайланат.
Курманкул Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясына жетекчи болгон. Зулушев быйыл 5-июнда башкы прокурор кызмат ордунан бошотулган. Ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткени айтылган.
Андан кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлугуна Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөтүп, парламент аны колдоп берген.