Биз менен байланышыңыз

БШК эки округдагы шайлоонун жыйынтыгын жарыялады

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 295 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча эки округдун жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылды. Ага шайлоочулардын 64,68 пайызы, тагыраагы 10 623 адам добуш берген.

Ал эми №36 Ысык-Көл округунан Айжигит Тыналиев жеңүүчү болду. Ага шайлоочулардын 16,04%ы добуш берген. Бул шайлоочулардын 3 498 добушун түздү.

Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Бул округда беш талапкер шайлоого катышкан.

30-июнда Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн. Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын маалыматына ылайык, Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 596 (45, 12%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM