Биз менен байланышыңыз

Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдаша кетти

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 324 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкектеги соода борборлордун биринде күзөтчү менен чырдаша кеткени социалдык тармактарга тарады. Видео тасмада депутат күзөтчүгө кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

Депутат Ажибаев бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, окуя боюнча милицияга арыз берип кайра алганын билдирди. Депутаттын айтымында, окуя мындан 20 күн мурун соода борбордун автоунаа токтотуучу жайынан чыгып баратканда болгон.

«Ал жерден чыгап бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей  наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп чыдап отура алган жокмун.  Унаадан түшүп машинеден “ары тур”,-деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап жерге жыгып, бир азга алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазгамын.

Урматтуу коомчулук, мындай жагымсыз окуяга туш болгонум өзүмө дагы ыңгайсыздык жаратып турат. Алардын уятсыз сөздөрүн укканыма карабай, сабыр кылып кетип калсам деле болмок экен. Бирок болор иш болду, биз пендебиз, уруша кетет экенбиз. Сиздерге туура эмес үлгү көрсөткөн болсом кечирим сурайм. Ал эми чагымчылдык кылып, мага карата күч колдонгон күзөтчүлөр кийин кечирим сурап келишти, жазган арызымды кайра кайтарып алып, элдешкенбиз» , — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM