Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү ачылат

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 378 | 0

Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүн капиталдык оңдоонун алкагында Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки аралыкта  бир катмар асфальт төшөлдү.

Асфальттын экинчи катмары төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлгөндөн кийин жогоруда аталган аймакты 10-июлда ачуу пландалууда.

Мэриядан кабарлашкандай, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын оңдоону 8-июлдан тарта улантат. Буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM