Ош облусунда Папан чакан ГЭСинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекет электр энергиясын өндүрүү маселесине катуу көңүл буруп жатканын айтып, быйыл Бала-Саруу Көгарт, Кайнама ГЭСтери ишке берилгенин билдирди.
Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 млн кВт/саат электроэнергияны өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 миллион доллар.
Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып,1985-жылы ишке киргизилген.