Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эки гана троллейбус каттамы калтырылды

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 941 | 0

Бүгүн, 7-июлда Бишкектеги Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы тилкеде оңдоо иштери башталат.

Буга байланыштуу №2, №4 жана №7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

7-июлдан тарта шаарда эки гана троллейбус каттамы жүрө баштайт, алар — №11 жана №14.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев парламенттин 21-июндагы жыйынында Бишкек шаарындагы айрым гана троллейбус линиялары калтырыларын билдирген. Алар — Чыңгыз Айтматов проспектиси, Иса Ахунбаев көчөсү, Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектилери менен каттаган троллейбус линиясы.

Калган жолдордон бардык линиялар демонтаж кылынып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгылары жер алды менен жүргүзүлөт.

Мэрдин айтуусунда, троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырымды түзөт, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткен. Бул линияларды алмаштырганга көп каражат кетет. Троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат.

Троллейбустардын ордуна коомдук каттамга электробустар коомдук каттамга киргизилери кабарланган. 2023-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус алуу боюнча сүйлөшүү процесстери аяктап, электркубаттоочу станцияларды куруу боюнча иштер башталды.

Бишкекте коомдук транспорттон троллейбустар алынарына байланыштуу жарандык активисттер нааразылык билдирип, бир катар акцияларды өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM