Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө чагылган тийип 250 баш кой өлдү

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 424 | 0

Ысык-Көлдүн Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда 7-июлда саат 17:00 чамасында болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлдү.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кубулуштуардын өзгөрүүлөрү тууралуу эскертүүлөр тынымсыз берилип келет. Буга чейин 8-июлдан 12-июлга  чейин нөшөрлүү жамгыр уланары эскертилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM