«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын оңдоону 8-июлдан тарта улантат. Буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Маалыматка караганда, диаметри 400 мм, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилип, 45 жылдан бери иштеп келет.
Реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.