Биз менен байланышыңыз

УКМК шаардык кеңештин депутаты кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 425 | 0

Массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-июлда кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон иштин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалды.

Маалыматка караганда, ал Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаганы айтылат.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM