Биз менен байланышыңыз

Медиктерге вакцина ташыган 26 унаа тапшырылды

Ден соолук , Коом | 5 Июл 2024 | 368 | 0

Бишкекте 7-июль – Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Анда «Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси 375 дарыгерге ыйгарылса, Саламаттык сактоо министрлигинин ардак грамотасы 363 медицина кызматкерине тапшырылды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга вакциналарды ташый турган 26 унаанын ачкычын тапшырды.

Мындай унаа Жайыл районуна да берилди. Аталган райондун санитардык дарыгери Бакыт Кубанов тапшырылган унаалар сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чоң жардам берерин айтат.

Ал бүгүнкү күндө медицина кызматын өнүктүрүү багытында бир катар иштер аткарылып жатканын белгиледи.

«Жайыл районунда үч унаа бар. Бирок бүгүнкү алып жаткан унаа абдан керектүү. Аны менен вакциналарды муздатып, жерине жеткиргенге болот. Мисалы айылдан борбор калаага жеткирсе болот. Ичинде атайын температура сакталат. Бүгүнкү күндө мамлекет башчысы медицина тармагында ийгиликтүү пландарды ишке ашырып жатат. Дарыгерлердин айлык акысы көтөрүлүп жатат. Бул дагы жакшы көрсөткүч. Учурда медицина тармагын өнүктүрүү, жакшыртуу жаатында бир катар иштер жүрүп жатат. Жалпылаганда абдан чоң өзгөрүүлөр болууда».

Ысык-Ата район аралык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кемин району боюнча бөлүм башчысы Гүлнара Сыдыкованын айтымында, бүгүнкү күндө медицина тармагында кадрлардын жетишсиздиги боюнча көйгөй чечилбей жатат. Муну менен катар элге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө да көйгөйлөр бар.

«Учурда медицина жаатындагы көйгөйлөрдүн негизгиси – бул кадр маселеси. Кеминде дагы ушул маселе бар. Жаш дарыгерлер жок. Айылга келишпейт. Буга айлык акынын аздыгы, жашоо шарттын болбогондугу себеп болууда. Баары Бишкекке качышат. Ал эми элге сапаттуу кызмат көрсөтүүдө техникалык көйгөйлөр көп. Мисалы, лабораториядагы жабдыктардын баары эски. Аккредитациядан өткөн эмес. Анда өтпөсө сапаттуу жардам бере албайбыз».

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын облустарындагы ооруканаларда дарыгерлер жетишсиз бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 1500 дарыгер ишинен кеткен. Ошондой эле 2022-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына 1 миң 771 дарыгер жана 4 миң 260 атайын орто билимдүү адис жумушка алынса, 1 миң 592 дарыгер жана 3 миң 908 атайын орто билимдүү адис жумуштан кеткен.

Министрлик кадр маселесин чечүү үчүн бир катар иш-чараларды аткарып жатканын билдирет. Ал эми адистер бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын айтышат.

Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын мыкты эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мугалимдер эле эмес, дарыгерлер да заманбап компьютерлер менен камсыздаларын белгиледи.

«Бул майрамды жакшы жаңылык менен баштагым келип турат. 1-июлдан баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50%га жогорулатуу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эми бир катар медициналык кызматкерлерге, атап айтканда, педиатрларга жана хирург-анестезиологдорго кошумча акылар киргизилет. Биз ар бир мугалимди эле ноутбук менен камсыздоону максат кылган жокпуз, ошондой эле дарыгерлерди да заманбап компьютерлер менен камсыздоону көздөйбүз. Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгеги маанилүү. Өлкө келечеги сиздерден көз каранды».

Медициналык кызматкерлерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычы тапшырылды.

Унаалар эмдөө деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды өз убагында жана тез жеткирүүгө жардам берет.

Унаалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Вакцина жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын «Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы» грантын ишке ашыруунун алкагында сатып алынган.

Copyright © 2017 Maral FM