Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 380 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Си Цзиньпинди “Дүйшөмбү” эл аралык аэропортунда 1500гө жакын улуттук кийимчен тажик жаштары бийлеп, Кытайдын жана Тажикстандын мамлекеттик желектерин желбиретип, салтанат менен тосуп алды.

Цзиньпин жаңы жагдайларды эске алуу менен кытай-тажик мамилелерин өнүктүрүү боюнча жаңы пландарды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн Рахмон менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Президент Рахмон Цзиньпиндин Тажикстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана чыңдоого күчтүү импульс берерин Синьхуа агенттигине берген маегинде айтты.

2019-жылы Си Цзиньпиндин Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Душанбеде Рахмон аны “Таажы” ордени менен сыйлаган.

Кытай менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2013-жылдан 2023-жылга чейин эки эсе өскөн. Кытай Тажикстандын эң ири инвестиция булагы жана экинчи соода өнөктөшү болуп калды.

Кытайдын төрагасы 3-июлда Казакстанга мамлекеттик сапары менен барган. Анда ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM