Биз менен байланышыңыз

Москвада кармалган аялдын иши боюнча министрлик маалымат берди

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 236 | 0

Москвада Кыргызстандын 47 жаштагы жараны кармалып, ага карата «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматтарда аял кармалгандан кийин бир жарым жаштагы наристесин балдар үйүнө өткөрүп берилгени кабарланган.

Бул маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

28-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москва шаарынын Тушино районундагы Тергөө башкармалыгына барып, тергөө тобунун улук тергөөчүсү менен жолуккан. Анда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы, иш материалдары сотко жөнөтүлүүгө даярдалып жатканы айтылган.

Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте кармалган жаран Т.А.нын баласын жакын туугандарына өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө кармалган жарандын баласы Кыргызстанда атасы менен бирге. Учурда Тышкы иштер министрлиги менен элчилик кармалган кыргызстандык жарандын ишин көзөмөл алганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM