Биз менен байланышыңыз

Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору менен окутуучулары кармалды

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 265 | 0

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы  Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97-үй дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан имаратты ижарага алуу укугун узартуу үчүн талап кылган.

4-июлда ректор 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM