Биз менен байланышыңыз

«Комфорт зонасынан чыккыла». Акылбек Жапаров Улуттук банкта жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 395 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банкта жыйын өткөргөнүн өкмөттөн 8-июлда кабарлашты. Анда өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалга жана акча-кредит саясатына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Акылбек Жапаров Улуттук банктын жаңы төрагасы Мелис Тургунбаевге кайрылып, банктын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн системалык реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртууга, жаңы технологияларды, анын ичинде финтех-стартаптарды киргизүүгө, санариптик сомду ишке киргизүүнү тездетүүгө, накталай эмес экономикага толук өтүүнү камсыздоо боюнча чаралар, көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган бир катар милдеттерди койду.

Акылбек Жапаров Улуттук банктын кызматкерлерин “комфорт зонасынан чыгууга” чакырды, мамлекеттик реформалар өлкөнүн бардык булуң-бурчтарына жетерин белгиледи.

Быйыл 26-июнда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM