Биз менен байланышыңыз

Мугалим болууга тыюу салган оорулар жөнүндө токтом кайра иштелип чыгат

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 417 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдикке тоскоол болгон оорулар тууралуу токтом долбоорду коомдук талкуудан алганын кабарлады.

Маалыматка караганда, буга чейин коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоору коомчулуктун нааразылыгынан улам коомдук талкуудан чыгарылды. Мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, долбоор толукталып, кайра иштелип чыгат.

Министрлик «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, мектеп, бала бакчаларда иштөө укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш экенин билдирди.

Буга чейин коомдук талкууга педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси чыгарылган.

Анда мугалим болууга укук бербеген оорулардын 32 түрү жазылган, арасында ревматизм, жүрөк, бөйрөк, боор, таяныч-кыймыл аппараты жана башка оорулары бар гипертониялык бейтаптар, мындан тышкары, нерв оорулары, тубаса кемтик, талма (эпилепсия), аракечтик, баңгилик, гепатиттин өнөкөт түрлөрү, кургак учуктун ачык формалары жана башкалар бар.

Тизмеде ошондой эле кылмыштын 19 түрү бекитилген. Анын ичинде коомдук тартипке каршы кылмыш жасагандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар бар.

Мындай токтом долбоору коомчулукта катуу нааразылык пайда кылган.

Мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган китеп тууралуу маек

Copyright © 2017 Maral FM