Биз менен байланышыңыз

Мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган китеп тууралуу маек

Блог , Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 547 | 0
Казакстандагы Назарбаев университетине караштуу Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов.

Энди Харгривс (Andy Hargreaves) жана Деннис Ширлинин билим берүү системасы жөнүндө жазган эмгеги кыргыз тилине которулду. Китеп «Төртүнчү жол: Билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн шыктандырган келечеги» деп аталып, мазмунундагы маселелер жалпы билим берүү айдыңынын өкүлдөрүнө, агартуучуларга, мугалимдерге тиешеси бар.

Китепте саясий-экономикалык, коомдук өзгөрүүлөрдүн мугалимдерге тийгизген таасири, мугалимдердин да бул өзгөрүүлөрдөгү ролу жөнүндө баяндалат.

Китеп кыргыз тилине Астана шаарындагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун демилгеси менен которулган.

Дүйшөн Шаматов китептин мазмуну, кыргыз билим берүү системасына жана мугалимдерге кандай таасирин тийгизери тууралуу «Маралга» маек курду.

-«Төртүнчү жол» китебинин өзгөчөлүгү эмнеде?

-Жакында эле кыргыз  тилине которулган «Төртүнчү жол» китеби алгач 2009-жылы англис тилинде жарык көргөн. Китептин автору Энди Харгривс (Andy Hargreaves) жана Деннис Ширлинин (Dennis Shirley) «Төртүнчү жол: Билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн шыктандырган келечеги» китеби. Бул «Төртүнчү жол» абдан мыкты китеп. Бул китептердин авторлорунун бирөөсү мени Торонто университетинде окуткан агайым Энди Харгевис болот.

Китептин кыргыз окурмандары үчүн кандай кызыкчылыгы бар экендиги жөнүндө башынан кеп кылалы.

Ачып, барактап, окуп көрсөңүз, Кыргызстанга азыраак байланышы, тиешеси бардай көрүнөт. Себеби, китептин авторлору Түндүк Америкада иштеп жаткан профессорлор. Алар көбүнчө Түндүк Америка жана Улуу Британия жөнүндө жазышат. Көпчүлүк мисалдары Түндүк Америка менен Улуу Британияга тиешелүү. Бирок чынында китептин мазмуну, көтөрүлгөн негизги маселелер башка өлкөнүн мугалимдерине, анын ичинде Кыргызстандагы мугалимдерге, агартуучуларга, керек болсо билим берүү башкармалыгында иштеп жаткандарга түздөн-түз тиешеси бар.

Китепти окуган адам мугалимдик кесип өзүнчө изоляцияда, обочолонгон кесип эмес экендигин, ошол коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө түздөн-түз байланышы бар экенин баамдайт.  Саясий-экономикалык, коомдук өзгөрүүлөрдүн мугалимдерге тийгизген таасири жөнүндө баяндайт.

«Төртүнчү жол» китебин ар дайым магистратура окуп жаткан студенттерге мугалимдердин иденттүүлүгү деген сабакта колдоном. Анда мугалимдердин коомдогу орду, мугалим кантип иштеш керек деген теманын алкагында топ-топко бөлүнүп талкуу кылабыз.

Назарбаев университетиндеги студенттер китепти окуп, аябай кызыктуу талкуу кылып, презентация жасашкан. Анда китеп Түндүк Америка жана Улуу Британия жөнүндө болгондугуна карабастан Казакстанга да тиешелүү экен, биздин мугалимдер кантти экен, канткенде жакшырта алабыз деген суроолордун аяланасында презентация жасашкан. Ошондо кыргыз тилине да которуу керек экен деген идея пайда болгон.

Кийин Кыргызстанда билим берүүгө салым кошолу деген мыкты инсандар байланышып, билим берүү тармагында китеп сунуштоомду суранышканда, мен дал ушул китепти сунуштадым.

-Эмне үчүн китептин аталышы «Төртүнчү жол»? Кандай маалыматтарды камтыйт?

-Китеп төрт бөлүктөн турат. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү жолдордун таржымалын баяндайт.  Биринчи, экинчи жана учүнчү жолдун артыкчылыктары менен кемчиликтерин окуп чыгып, авторлор сунуштаган төртүнчү жол менен таанышасыздар.

Биринчи жол — дүйнөнүн прогрессивдүү өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согушту жеңгенден кийин, мамлекеттер тынчык орногонуна кубанат.  Мугалимдер тынчтык орногондон кийин өздөрү каалагандай сабак берип, дүйнөдө тынчтык орноттук деп, келечекте тынчтык болсун деп иштей баштайт. Алар каалагандай окутуп, бардык иш аракетинде эркиндик болуп, каалагандай иштешет.  Ошол убакта мугалимдерде эркиндик жана чыгармачылык болот, каалагандай сабак өтөт, эч ким аларга кийлигишпейт. Жаш балдарга таасир берейин деп ар бир мугалим эркин сабак өтөт. Бул «Биринчи жол» болчу.

Бирок дүйнөдө экономикалык кризис (мунай кризиси) башталып, 70-80 — жылдары Экинчи жолдун орношуна негиз түзөт. Экинчи жолдо — стандартташтыруу, мугалимдерге ишенбей, көзмөлдөө, алардын жумуштарын текшерип, катуу кийлигишүү жөнүндө сөз болот.

Отчеттуулукту көбөйтүү, жеке менчик мектептерди ачуу.  Мектептеги билимдин пайдасы тийбей жатат, бюджеттен берилген акча текке кетип жатат дегендер пайда болду. Маргарет Тетчерге окшогондор бийликке келди. Анда мугалимдерди текшерип, окуучулардын билимин текшерип, стандартташтыралы, жеке менчик мектептерди көбөйтөлү, жоопкерчилик болсун деген. Бул экинчи жолдун келүүсү. Акырындап, тесттин жыйынтыктары жогорулай баштады. Бирок окуучулардын кызыгуусу, мугалимдердин чыгармачылыгы кескин түрдө төмөндөп кетет, себеби бардыгы тесттин жыйынтыгы үчүн гана иштеп калды. Мугалимдер эркин иштеген убактыларын сагынды. Жакшы мугалимдер мектептерди таштап кетти.

Үчүнчү жол — биринчи жол менен экинчи жолдун жакшы жактарын айкалыштырып, жаңы багыт берет. Структуралык плюриализм же болбосо эки мурдагы системанын жакшы жактарын айкалыштырып алып калып, алдыга жылдыруу деп үчүнчү жол көп мамлекеттерде: Америка, Англияда башталат.

Бул жолдо мугалимдерге кичине болсо да чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк берели, бирок ошол эле учурда жоопкерчилик болсун деген жол. Бирок бул жолдо стандарттарды ким эсептеш керек, ким тастыкташ керек, кимдин стандарты болуш керек дегенде, стандарттар мектептики болуш керек, аларды мектептер өздөрү түзүүсү керек деп төртүнчү жол сунуш кылынганы ошондон.

Төртүнчү жол, Энди Харгривс жана Деннис Ширли тарабынан айтылгандай, билим берүүнү өзгөртүү жана жакшыртуу үчүн негиз болуп саналат. Төртүнчү жол концепциясы авторлордун байкоолоруна жана дүйнө жүзү боюнча ийгиликтүү билим берүү системаларына талдоо жүргүзөт. Мурунку үч «жол» билим берүү реформасынын негизги тарыхый мамилелерин билдирет, ал эми Төртүнчү жол жаңы парадигманы сунуштайт.

-Китеп эмнеге үндөйт?

-Инновацияларга ачык болуу менен билим берүү тармагында жакшы иштеген нерселерди сактоого чакыруу. Ал педагогдорду жана саясатчыларды учурдагы практикаларды, салттарды сын көз менен баалоого, эффективдүү болгондорун сактап, ал эми жок болгондорун жокко чыгарууга же ылайыкташтырууга үндөйт.

Окутуу практикасын жакшыртууга тынымсыз көңүл бурууну баса белгилейт. Бул мугалимдердин профессионалдык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү, эффективдүү кайтарым байланышты камсыз кылууну жана окутуу, билим берүү аракеттеринин башында турган маданиятты түзүүнү камтыйт. Бардык окуучулардын социалдык-экономикалык абалына, этникалык тегине же башка факторлорго карабастан, жогорку сапаттагы билимге жетүүсүн камсыз кылуу менен, билим берүү системаларынын калыстыкка жана инклюзивдүүлүккө умтулуу зарылдыгын баса белгилейт. Отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрүп, жогорку маанидеги тестирлөөдөн тышкары баалоо системаларын иштеп чыгуу.

Төртүнчү жол маңыздуу болгон, көндүмдөрдүн жана компетенциялардын кеңири спектрине көңүл бурган жана жазалоочу чараларга караганда үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө салым кошкон баа берүүнү жактайт. Төртүнчү жол мектептер, педагогдор жана жамааттар ортосундагы кызматташууга көмөктөшөт. Ал билим берүүнү жакшыртуу үчүн жамааттык жоопкерчилик сезимин тарбиялап, алдыңкы тажрыйбаны бөлүштүрүүгө жана бөлүштүрүүгө түрткү берет.

Туруктуу жакшыртуу үчүн потенциалды жогорулатуу өтө маанилүү. Төртүнчү жол педагогдорду, мектеп жетекчилерин жана көмөкчү кызматкерлерди өнүктүрүүгө инвестицияларды талап кылат. Билим берүү системасында адамдык капиталды жана тажрыйбаны түзүү туруктуу оң өзгөрүүлөргө жетишүүнүн негизги фактору катары каралат. Билим берүү системасынын бардык баскычтарында эффективдүү лидерлик маанилүү деп эсептелет.

-Төртүнчү жол, Харгривс жана Ширли белгилегендей, ар бир мектептин жана коомчулуктун уникалдуу контексттерин эске алуу менен билим берүү реформасына тең салмактуу жана комплекстүү мамилени жактайт. Ал жогорудан ылдыйга, буйрук берүүчү реформалардан билим берүүнүн мыктылыгына жана тең укуктуулугуна умтулууга бардык кызыкдар тараптарды тартуучу көбүрөөк биргелешкен жана адаптацияланган моделге өтүүнү талап кылат.

Кээ бир жарандар билим берүү жөнүндөгү китептерде теория басымдуу болуп, практикалык сабактар азыраак болуп жатканын айтышат. Бул китепте бул маселе кандай берилген?

-Албетте, бул китепте теория да бар. Бирок ар бир көбүнчө турмуштан алынган мисалдар тарыхый окуялар менен баяндалат. Ошондой эле кээ бир мугалимдер статистикага гана таянып туруп алган учурлар да бар. Ошолорго да жакшы мисалдар менен түшүндүрүп, жооп беришкен. Анда сапатка маани берилбей, статистикага, текшерүүгө гана басым жасап калган учурда кандай кесепеттери болоорун футболдун негизинде түшүндүрүп, айтып беришкен.

-Китеп бүгүнкү күндүн кандай негизги көйгөлөрүн камтыйт?

-Биздин коомдо мектеп кандай болуусу керек, билим берүү системасы, мугалимдердин орду кандай болуусу керек деген суроолорго жооп берет.

Мугалимди коргогон мыйзамдар бар деп айтышат, тилекке каршы, иштебей жатат. Азыркы учурда сырттан эле чиновниктер, блогерлер келип алып эле сабак учуранда сабакты бузуп, токтото калып, мугалимдерди башкарып жатат. Мектептеги 40 мүнөттүк сабак эң ыйык убакыт, эң ыйык мүнөт болушу керек.

Ал учурда мугалимди эч ким токтотпош керек, ал убактысын уурдабоо керек. Аны токтотууга эч кимдин акысы жок. Сабак бүткөндөн кийин шашпай, ким, кайдан келгенин, кандай маселе менен кайрылып жатканын айтуу зарыл.

Тилекке каршы, коомчулукта мугалимдерди тиешеси жок иштерге тартып, алардын айлык маянасы аз деп кемсинтүү менен карагандар да бар. Мектептеги 40 мүнөттүк сабак учуру — эң маанилүү, ага эч кимдин токтотууга акысы жок деген украанды коомдун аң сезимине сиңирүү керек.

Ошондо гана мугалимдин кадыр баркы көтөрүлүп, коомчулуктун мугалимдерге болгон көз карашын өзгөртө алат. Эң негизгиси, мугалим өзү гана аброюн көтөрө алат, алгач мугалим өзү кааласа, анын сабагы да маанилүү болуп, ата-эненин, коомчулуктун, окуучунун оюн толук өзгөртө алат.

-Рахмат, ийлигик каалайбыз!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM