Биз менен байланышыңыз

«Учуп өтөлүбү?». «Самокатчылар тоскоолдук кылууда». «Түшүнүп туралы». Жол оңдоодогу түйшүк

Коом | 4 Июл 2024 | 439 | 0

Бишкек шаарында Байтик Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүнүн капиталдык оңдоо иштери графикте белгиленгенден эрте бүтөт. Азыркы учурда жумуштун 70%ы бүткөрүлдү. Август айынын аягына чейин жол колдонууга берилет. Бул тууралуу мэриянын транспорт жана жол транспорт инфротүзүм өнүктүрүү департаментинин убактылуу орун басары Мирлан Алараев белгиледи.

Алараев азыркы тапта Жибек Жолунун түндүк жагында да оңдоп түзөө жумуштары башталганын, асфалтты алып салып, эски бордюрларды демонтаждоо иштери жүрүп жатканын айтты.

“Жыл башында Бишкек шаарындагы 6 көчөнү тагыраагы, 22 чакырымды оңдоо планы коюлган. Октябрдын аягына чейин бардык көчөлөрдү бүткөрүп берүү пландалууда. Асфальттын эски катмары жаңыртылып, эки катмар асфальт төшөлөт, бордюрлар, жарым-жартылай алмаштырылып жатат. Буга шаардык бюджеттен жалпы 1 млрд 600 млн сомго жакын акча каражаты каралган.

Жолду оңдоп түзөө үчүн сынак жарыяланып, Байтик Баатыр жана Чүй проспектилеринин кесилиштерин “Техноток” ЖЧКсы, Ахунбаев көчөсүндө “ДорСтрой” компаниясы иштеп жатат. Жибек жолу проспектисинде “Моздо строй” ЖЧКсы ишин баштады.

Асфальттын сапаттуулугун текшерүү үчүн атайын лабораториялардын көзөмөлүнөн өтүп турат. Ал эми даяр материалдарга мамлекеттик инспекциянын сертификаты бар. Мындан тышкары жолдун сапатына келишимге ылайык подряддык уюм үч жыл кепилдик берет. Азыр төшөлүп жаткан асфальттын курамы биз мурун колдонгон салттуу  асфальттан башкача. Сапаттуу жана  эксплуатациялык мөөнөтү узагыраак болот.

Ошондой эле Байтик Баатыр, Токомбаев жана Саманчин көчөлөрүнө чейин жолдун эки тарабына бир жарым метрден кошулду. Андан тышкары, Байтик Баатыр көчөсү мурун эки линия болсо, азыркы жаңы асфальтта айрым жерлери үч линияга чейин көбөйдү”.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинде жана Юнусалиев көчөлөрүндө 15-июлдан тарта оңдоп түзөө иштери жүрөт. Горький көчөсүндө дагы жакынкы аралыкта жумуштар башталат.

«Техноток» ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары Дамир Жумалиев Байтик Баатыр көчөсүн оңдоп-түзөө иштерине 150 жумушчу тартылганын айтты.

“Сиздер көрүп тургандай жумуш аябай кызуу жүрүудө.  Азыр Горький кесилишинде асфальт төшөөгө даярдык көрүп жатабыз. Эки кабат асфальт төшөлөт. Ылдыйкы каттамы чоң бөлүкчөлөрдү камтыган 6 см болгон жөнөкөй асфальт. Үстүнкү бөлүгү ШЫМА. Анын сапаты бир топ жогору. Мурунку асфальт 20 жыл колдонулса, бул жаңы төшөлгөн асфальт андан дагы көбүрөөк иштеп беришине үмүтүбүз чоң. Компаниянын 400дөй жумушчусу болсо, азыркы тапта 150дөй жумушчулар бул обьектте иштөөдө. Этаптарына карап жумушчулар азаят же көбөйөт. Жумушту бүткөрүүнүн акыркы нөөмөтү 28-августка пландалган. Ошого чейин бүткөрүп берүүгө болгон күч аракет жумшалууда.

Ал эми иштин графиги асфальт төшөлгөн күндө таңкы бештен кечки жетиге чейин болсо, асфальт төшөлбөгөн күндөрү таңкы 7ден кечки 7ге чейин болот”.

«Көпүрөнү жаап коюшуптур, жолдун аркы бетине учуп өтөлүбү?»

Жолду оңдоп-түзөо иштери боюнча шаар тургундарынын оюн уктук:

Бул жолдор оңдолуп баарыбызды эле сүйүндүрүп жатат деп ойлойм. Албетте кыйынчылык деле болбой койбойт. Бардык эле адам түшүнүү менен иш алып барса деп айтат элем. Азыр бир аз бул жол көйгөйүнөн, тыгындан кыйналып жаткан чыгарбыз. Бирок жакынкы арада ондоп -түзөп берсе өзүбүзгө эле жакшы да. Буга чейин жолдор мындай масштабдуу деңгээлде жасалган эмес. Азыр жакшы жасалып жатат. Булардын деле  өздөрүнүн эсеби бар да. Азыр жайкы каникул болуп шаарда эл азайып калган учур. Ушул убактан пайдаланып бүтүрүп алышса жакшы болмок.

Автобустардын каттамын кээде түшүнбөй калып жатабыз. Линиялар өзгөрүп, башка жакка алып барып салып жатат. Алыс жерден тушүп калып, жумушка келүүдө кыйынчылык жаралууда. Ошол маршруттардын каттамы өзгөрсө маалымат берип коюшса жакшы болмок. Мен инстаграм же тик-ток да көргөн жокмун. Балким берилди, бирок менин маалыматым болгон жок. Жок дегенде картадагы маршрут каттамдарды алмаштырып коюшса болмок. Мага окшоп маалымат ала албагандар билишмек да. Башында аябай кыйналып жатканбыз, азыр көнүп калдык. Бирок башка жагынан карасак, жолду оңдоп жатышканы жакшы жаңылык.

-Мен Жалдан келе жатам. Бир канча жол жабык экен. Аябай кыйынчылык менен келдим.

-Биз көпүрөнүн аркы тарабына өтүү үчүн көпүрөнү да Пудовкинди да жаап салышыптыр. Биз эмне учуп өтүшүбүз керекпи? Мына айланып жүрөбүз. Жолду жаап жатканда ойлонуштурса болмок да. Кантип көпүрөнүн ары жагына адамдар өтөт деп. Унаалар, жөө жүргүнчүлөр кантип өтөт? Мисалы мен 7-микрорайондон жумушка аран эки саат дегенде жетип жатам. Медеров ачык болуп жатканда да жакшы болуп жаткан. Азыр Алматы көчөсү менен келсек, Горький да жабылган. Ошол жолду жаап жатканда альтернативалык жолдорду жакшы карап, анан социалдык тармактардан байма-бай маалымат беришсе болмок. Азыр Жибек Жолунан келдим. Ал жак да бир тараптуу жабык экен. Бирок Жибек Жолун жаап жатканда айтышты да. Көбүрөөк маалымат болгондо адамдар мынчалык кыйналбайт эле.

«Самокатчылар жол оңдоого тоскоол кылууда»

Кайрат Белек уулу, «Техноток» компаниясында экскаватор айдап иштейт. Ал курулуп жаткан жолдо элдин тоскоолдук жаратып жактанын айтты.

“Самокат, скутерлер иш жүрүп жаткан жерден өтүп кетип жатышат. Айрыкча чоң техникалар менен иштеп жаткандар көрбөй калышы мүмкун да. Эң биринчи адам өз коопсуздугун ойлош керек. Кээде арттан өтүп кетишет. Иштин жүрүшүнө карап жолдун бир тарабынан ачышса, эртеси башка тарабы ачылат. Жеңил унаалар минтип жумуш жүрүп жаткан жерге эле коюп кетишет. Жумуштан кечки 7-8де чыксак, үйгө барганга чейин 9-10 болуп кетип жатат. Балдырды убагында көрбөй калып жатабыз. Ал эми жумуш процесси боюнча баары жакшы. Белгиленген мөөнөттөн эрте бүтүп жатат. Кыйынчылык ошол элдер башаламан эле, өздөрү каалаган жактан өтүп жактаны эле болбосо”.

2024-жылга жол тармагын оңдоого бюджеттен 4 450,9 млн сом каралган. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тарабынан 4 073,7 млн сом бөлүнүп, ал толук каржыланган.

Макаланын автору Назайым Тилевалдиева

Copyright © 2017 Maral FM