Биз менен байланышыңыз

УКМК бийликти басып алууну пландаган топ кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 365 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандардын өлүмү менен байланышкан массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топ аныкталганын кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу беш жаранд кармалып, УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү аныкталган.

Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды.

Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы, кененирээк маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM