Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов тил каттын негизинде абактан бошотулду

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 195 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотту.

Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы 13-ноябрда кабарлады.

Буга чейин райондук сот айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтү, башкача айтканда, 26-августка чейин узарткан.

Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган. Кийин алар үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM